Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Орусия менен Украина уруш күчөгөндө кайым айтышууда


Артиллериялык аткылоого кабылган Донецк ооруканасы. 19-январь, 2015-жыл.
Артиллериялык аткылоого кабылган Донецк ооруканасы. 19-январь, 2015-жыл.

Орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин 19-январь күнү расмий Киевди өлкөнүн чыгышындагы жаңжалды аскерий күчү менен чечүүгө аракеттенип жатканы үчүн айыптап, “Украинанын мамлекеттүүлүгүнө артка кайткыс кесепеттер” болоорун эскертти.

Бул аралыкта украин армиясы орусиячыл жикчилерди колдоо үчүн өлкө аймагына дүйшөмбү күнү 700дөй орус аскери киргизилгенин билдирди.

Украин тарап ошондой эле Донецк шаарынын урандыга айланган аэропортун дээрлик кайра ээледик деп ырастоодо.

Бирок жикчилдердин лидери Александр Захарченко басма сөз жыйында “украин армиясынын аэропортту алуу боюнча бардык аракеттери оңунан чыккан жок”, - деп айтты.

Эки тарап ошондой эле ок атышууну токтотуу келишими сакталбаганы үчүн да бири-бирин айыптоодо.

Артиллериялык атышуулардын үнү дүйшөмбүдө Луганск менен Донецктин бир нече бөлүгүнөн угулуп, Донецкте снаряддар оорукана имаратына тийгени да кабарланды.

Жеринде кырдаал өткөн аптага салыштырмалуу курчуп кеткенин Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да белгилеп, Орусия Минск тынчтык келишиминин шарттарын аткармайынча ага каршы киргизилген санкцияларды жеңилдетилүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. (UE)

XS
SM
MD
LG