Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Оторбаев: Отставкага арыз жазган эмесмин


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Баткендеги иш сапары учурунда, 19-апрель, 2014.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Баткендеги иш сапары учурунда, 19-апрель, 2014.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазбаганын бүгүн журналисттерге билдирди.

Мурдараак айрым жергиликтүү маалымат каражаттары Жоомарт Оторбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын, ордуна учурдагы экономика министри Темир Сариевдин талапкерлиги каралып жатканын жазышкан.

“Былтыркы жыл оңой болгон жок. Өлкө бир топ кризисти баштан кечирди. Бирок кризис реформага өбөлгө болот. Биз реформага барышыбыз керек. Министрден акимге чейин быйылкы жылга план түзүлүп, милдеттенмелер тагылат”, - деди Оторбаев.

Алдыдагы пландарга токтолуу менен премьер-министр быйыл парламенттик шайлоону адилет өткөрүү башкы максаттардын бири экенин кошумчалады.(EBM/MTo)

XS
SM
MD
LG