Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдирди.
“Кара майдын арзандашы бизге канчалык таасир этери талданууда. Бир чети майды сырттан алган өлкө катары жакшы болушу мүмкүн. Экинчиден, экономикабыз коңшулардан көз каранды, а коңшулар кара майдан көз каранды”, - деди Оторбаев.
Ушу тапта дүйнөдө мунайдын баасы эки эсе түшүп, бир баррели 50 доллардан ылдый бааланууда. Мунай баасынын түшүшүнө байланыштуу орус акчасынын куну качып, ал жактагы кыргызстандык мигранттардын кирешеси кыскарган. Экинчи жагынан мунай арзандашы менен күйүүчү май баасы кыйла түштү. (EBM/МТо)