Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Салянованын күйөөсү “Тазалыктын” иши боюнча шектелүүдө


Аида Салянова бир күн мурда баш прокурлуктан кетүү боюнча арыз жазды.
Аида Салянова бир күн мурда баш прокурлуктан кетүү боюнча арыз жазды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын 5-январында жабырлануучулардын арызынын негизинде кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө адамдар тобу УКМКнын “Тазалык” ишканасынын жооптуу кызматкерлерине карата козголгон кылмыш ишин кыскартууга жардам берем деп алдап, 50 миң доллар алганы маалым болгон.

"Бул кылмыш иши боюнча күбөлөрдүн баары баш прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаров жогорудагы фактыга тиешеси бар деп түздөн-түз көрсөтмө беришкен. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө", - деди Сулайманов.

Ал эми Абдыкапаровго Бишкек ЖЭБине сапатсыз көмүр тартып келүү боюнча иште айып тагылган жок.

УКМКнын маалыматына караганда, бул иш боюнча Башпрокуратуранын башкармалык башчысы Н.Дга, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын кызматкери М.Мга, «Электр станциялары» ААКнын коммерциялык директору К.Иге жана Бишкек ТЭЦинин кызматкери Т.Мга, ошондой эле «Жезказган Энергосбыт» компаниясынын өкүлү Т.Бга айып тагылган. (МТо)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG