Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

Бишкекте "Шарли Эбдого" каршы митинг өтүүдө


"Шарли Эбдого" каршы митинг, Бишкек, 20-январь, 2015.
"Шарли Эбдого" каршы митинг, Бишкек, 20-январь, 2015.

Ушу тапта Бишкектеги Горький сейил багында “Мен Шарли эмесмин, мен Мухаммед пайгамбарды сүйөм” аттуу тынч митинг өтүп жатат. Анын катышуучулары Франциядагы сатиралык “Шарли Эбдо” журналы менен Батыш өлкөлөрүн мусулмандардын сезимине ойноп, диндер ортосунда чагым жасап жатат деп айыпташууда.

Дин ишмерлери Өзбек ажы Чотонов, Кадыр Маликов, саясатчы Руслан Бекназаров баштаган акциянын катышуучуларынын саны миңге чамалап калды. Акцияга депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Ыргал Кадыралиева келишти.

7-январда Париждеги “Шарли Эбдонун” кеңсесине куралчан кишилер бастырып кирип, басылманын 8 кызматкерин жана дагы 4 адамды атып кетишкен. Кылмышкерлер муну журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан.

14-январда журналдын жаңы санында Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасы жарыяланган. Анда пайгамбар “Мен Шарлимин” деген жазууну кармап турганы тартылган. Буга бир катар өлкөлөрдө миңдеген мусулмандар нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан. (МТо)

XS
SM
MD
LG