Горький сейил багындагы “Мен Шарли эмесмин, мен пайгамбарымды сүйөм” деп аталган тынч митинг соңуна чыкты. Анын соңунда маркумдарга багышталып куран окулду.
Митингге Кадыр Маликов, Өзбек ажы Чотонов, депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Ыргал Кадыралиева, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Равшан Сабиров жана Руслан Бекназаровдор катышты. Ошондой эле казак, тажик, чечен, дагестан диаспораларынын өкүлдөрү келишти.
Акциянын катышуучулары Франциядагы сатиралык “Шарли Эбдо” журналы менен Батыш өлкөлөрүн мусулмандардын сезимине ойноп, диндер ортосунда чагым жасап жатат деп айыпташты.
Милиция митингге 500 тегерегинде адам келди десе, уюштуруучулар миң чамалуу деп белгилешти.
7-январда Париждеги “Шарли Эбдонун” кеңсесине куралчан кишилер бастырып кирип, басылманын 8 кызматкерин жана дагы 4 адамды атып кетишкен. Кылмышкерлер муну журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан.
14-январда журналдын жаңы санында Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасы жарыяланган. Анда пайгамбар “Мен Шарлимин” деген жазууну кармап турганы тартылган. Буга бир катар өлкөлөрдө миңдеген мусулмандар нааразылыгын билдирип көчөгө чыгышкан. (UEz/МТо)