Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Армения: кыргында жараат алган ымыркай чарчап калды


Орус аскеринин өткөн аптадагы канкор чабуулунда жараат алды делген алты айлык бала набыт болду. Армениянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Сережа Аветисян Ереван ооруканасында кечээ кайтыш болду.

Расмий маалыматка ылайык, Орусиянын Армениядагы согуштук базасынын аскер кызматкери Валерий Пермяков 13-январда армян-түрк чек арасында орус бийликтери тарабынан кармалып, баланын ата-энесин жана дагы төрт кишини өлтүргөндүгүн мойнуна алган. Кол салууга каршы өткөн аптада Ереванда жана орус базасы жайгашкан Гюмри шаарында нааразылык акциялары болду. Демонстранттар шектүү кылмышкерди Армениянын карамагына өткөрүп берүүнү талап кылышты. 18-январда Орусиянын президенти Владимир Путин Армениянын президенти Серж Саркисянга телефон чалып, ымыркайды Москвага алып келүү үчүн учак жиберүүнү сунуш эткен эле.

XS
SM
MD
LG