Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Орусияда комитет «чет элдик агент» жарлыгына каршы күрөшөт


Орусиядагы таанымал укук коргоочу уюм болгон Кыйноого каршы комитеттин жетекчиси Игорь Каляпин «чет элдик тыңчы» деген жарлык таккан өкмөттү сотко берет. Бүгүнкү билдирүүсүндө Каляпин, бирок эгер көздөгөнүнө жете албаса, анын Нижний-Новгороддогу уюму жабылып, же башка уюм менен биригүүгө аргасыз болушу мүмкүн экенин билдирди. Айтымында, Юстиция министрлиги четтен жардам алган бейөкмөт уюмдар менен катар анын уюму да кара тизмеге киргендигин өткөн аптада маалымдаган. "Коммерсант" гезитинин жазышынча, Кыйноого каршы комитет акыркы 15 жыл ичинде кыйноого катышы боюнча айыптоолор менен 109 тартип коргоочуну сотко берип, 600дөн ашык кишинин акталып чыгышына жардам көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG