Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:56

Казакстандын түштүгүндө учак кыйрап, алты киши набыт болду


Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Жамбыл облусундагы кыйроодо үч учкуч менен катар Казакстандын "Казакмыс" жез иштеткен компаниясынын үч кызматкери каза тапты. Министрликтин маалыматында, кырсыктан бир аял аман калды. Учак Караганда шаарындагы "Олимп-Еар" компаниясына тийешелүү болгон. "Казакмыс" дүйнөдөгү эң ири жез иштеткен ишканалардын бири.

XS
SM
MD
LG