Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Кыргыз футболчулары финляндиялыктар менен беттешет


Шериктештик кубогуна катышып жаткан Кыргызстан курамасы. Санкт-Петербург. Январь, 2015-жыл.
Шериктештик кубогуна катышып жаткан Кыргызстан курамасы. Санкт-Петербург. Январь, 2015-жыл.

Санкт-Петербург шаарында 21 жашка чейинки футболчулар арасында өтүп жаткан Шериктештик кубогунун алкагында Кыргызстан курамасы бүгүн, 21-январда Финляндияга каршы майданга түшөт. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, учурда чейрек финалда ойной турган сегиз команда аныкталды. Алар Кыргызстан, Беларус, Түркмөнстан, Финляндия, Орусия, Түштүк Африка Республикасы, Казакстан жана Тажикстан курамалары.

Кыргызстан тайпалык мелдеште В тайпасында ойноп, Молдова жана Латвия курамалары менен беттешип, эки оюн тең 1:1 эсеби менен аяктаган. Ал эми Орусия курамасын 2:1 эсебинде утуп, беш упай менен биринчи орунду ээлеген жана плей-оффко жолдомо алган.

А тайпасында ойногон Финляндия футболчулары буга чейин Эстонияны 2:1 эсебинде уткан. Түркмөнстан менен 1:1 эсебинде тең ойногон. Беларуска 1:0 эсебинде утулуп, өз тайпасында үчүнчү орун менен чейрек финалга чыккан.

Тайпалык тандоо мелдешинен чыкпай калган Латвия, Эстония, Литва жана Молдова курамалары 9-12 орун үчүн ойношот.

16-январда башталган Шериктештик кубогунун оюндары 25-январда аяктайт. Ага 12 өлкө катышууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG