Ок атуулардан улам украин күчтөрү Луганск аймагында жайгашкан бир тосмо бекеттен убактылуу алыстоого мажбур болушту. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Украин армиясынын өкүлү Андрей Лысенко мамлекет чыгышынын түндүк бөлүгүндөгү кырдаалга байланыштуу уюштурулган атайын брифингде орусиячыл жикчилдерди сүрүп чыгаруу аракети улана берерин билдирди:
- Буга чейин түзүлгөн эки тараптуу тынчтык келишимдерине карабай, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн жардамында Украинанын аскер бөлүктөрүнө чабуул жасалып жатат. Биздин аскерлер өз позициясынан тайманбай, жикчилдерди ал жактан сүрүп чыгаруу аракетин уланта берет.
Украин армиясы орусиячыл жикчилдерди колдоо үчүн өлкө аймагына 19-январь күнү 700дөй орус аскери киргизилгенин билдирген. Бирок Москва муну четке кагууда.
Ушул тапта Башкы штабдын жетекчиси, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы, генерал-полковник Виктор Муженко согуш тутанган аймакта жүрөт. (SE)