Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Зордуктоо боюнча күнөөлөнгөн чек арачынын иши иликтенүүдө


Чүй облусундагы чек ара башкармалыгында иштеп жаткан лейтенанттын кыз зордуктаганы тууралуу окуя иликтене баштады. Соттун чечими чыкмайынча Мамлекеттик чек ара кызматы комментарий бере албай турганын мекеменин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди.

- Бул окуя боюнча иликтөө жүрүп жатат, сот гана чечим чыгарат. Мамлекеттик чек ара кызматы иликтөө иштери бүтмөйүнчө лейтенантты ак же кара деп айта албайт, - деди Бөрүбаева.

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жайгашкан башкармалыкта иштеген лейтенант 8-январь күнү жергиликтүү 22 жаштагы кызды зордуктаганы тууралуу маалымат шейшемби күнү интернет булактарына чыккан болчу. Аскер кызматкери кызды коркутуу жолу менен зордуктаганы айтылып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG