Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Обама жалпы улуттук кайрылуу жасап жатат


Барак Обама.
Барак Обама.

Барак Обама улуттук кайрылуусун Нью-Йорктогу терактты эскерүү менен баштады. Ал 2001-жылы дүйнөлүк соода борбору жардырылгандан бери 15 жылдай убакыт өткөнүн, андан бери АКШ терроризм менен алгылыктуу күрөшүп келатканын, бирок бул убакыт көпчүлүк үчүн эң татаал күндөр болгонун белгиледи.

АКШ президентинин америкалыктарга жалпы улуттук кайрылуусу ушул тапта Конгресстин жыйындар залынан түз алып көрсөтүлүүдө.

Серепчилердин Обама иммиграция, саламаттыкты сактоо системасынын реформасы, айлана-чөйрөнү коргоо саясаты жана улуттук коопсуздук өңдөнгөн маселелерге токтолорун божомолдошкон. Президент өзү экономиканын оңолушу, маянаны көбөйтүү маселелерине басым жасаарын айткан.

2014-жылдын ноябрь айындагы шайлоонун жыйынтыгында оппозициядагы республикачылар Сенатты да, Өкүлдөр палатасын да өз көзөмөлүнө алгандан кийин Обама алгач ирет жалпы улуттук кайрылуу менен чыгып жатат. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG