Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Депутаттар Салянованын отставкасын колдошту


Парламенттин жалпы жыйынында депутаттар баш прокурор Аида Салянованын кызматтан кетишин карап, 57 депутат колдоду. 18 депутат каршы добуш берди. Жыйынга жалпы 90 депутат катталган.

Эрежеге ылайык, жалпы депутаттардын үчтөн бири колдосо, арыз канааттандырылды деп эсептелет.

Аида Салянова кызматтан кетүү тууралуу арызын 19-январда президентке жазган. Президент аны парламентке жолдоду. Парламент отставканы колдоп берсе, баш прокурорду кызматтан алууга негиз болот. (МТо)

XS
SM
MD
LG