Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Турсунбек Акун партия түздү


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Адам укугу” аттуу партия түзүп, бет ачарын өткөрдү.

“Бизде 200 чамалуу партия бар. Бирок адам укугун коргоо боюнча бир дагы партия жок. Биздин максат - келаткан парламенттик шайлоого катышуу, бийликке келип адам укугун коргоо. Анткени ушу тапта тынч митингге чыккандарды бийлик куугунтукка алууда. Фундаменталдык укуктар, сөз эркиндиги тепселенүүдө. Коррупцияга каршы күрөш деп коюп саясий негизде козголгон кылмыш иштери көп болууда. Биз ушундай көрүнүштөр менен күрөшөбүз”, - деди Турсунбек Акун

Партия курамында коомчулукка белгилүү адамдар жок. “Катарыбызда карапайым адамдар жана жаштар”, - деп кошумчалады Акун. (UEz)

XS
SM
MD
LG