Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

Арбаев: Кыйноолор боюнча бизге карата бир дагы арыз жок


Абак жайларындагы кыйноолор боюнча биздин кызматкерлерге карата бир дагы арыз жок. Бул тууралуу бүгүн 2012-2016-жылдары Жаза аткаруу мекемелерин өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияга арналган жыйында аталган мекеменин жетекчиси Советбек Арбаев билдирди.

“Буга чейин эл аралык уюмдар, укук коргоочулар абактагылар кыйноолорго кабылат деп айтып келишкен. Текшере келгенде аларды биздин кызматкерлер эмес, милиция кыйнаганы тастыкталууда”, - деди Арбаев.

Декабрь айында Бакыт Аманбаев 2013-жылы акыйкатчыга 15 миңден ашуун арыз-даттануулар түшкөнүн, алардын 60 пайыздан ашыгы жабык жайлардагы мыйзам бузуулар боюнча болгонун билдирген. (МТо)

XS
SM
MD
LG