Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Обама: АКШ үчүн “кризистин көлөкөсү” артта калды


Барак Обама жылдык кайрылуусун жасап жатат. 20-январь, 2015-жыл.
Барак Обама жылдык кайрылуусун жасап жатат. 20-январь, 2015-жыл.

АКШ президентти бул тууралуу Конгрессте, жылдык кайрылуусу учурунда айтты.

Бир нече жылга созулган рецессиядан жана согуштан кийин “кризистин көлөкөсү” артта калып, Кошмо Штаттардын экономикасы “кайра төрөлгөнүнө”, өлкө “жаңы баракты ача турган” учур келгенине токтолду.

Бул Обаманын Конгресске ноябрдагы өткөн шайлоодон берки алгачкы кайрылуусу болду. Ал шайлоонун натыйжасында азыр Конгресстин кош палатасын тең оппозициядагы Республикалык партия көзөмөлдөөдө.

АКШ президенти сөзүндө тышкы саясаттын маселелерине да кайрылып, Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүү анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө зыянын тийгизерин, мындай мыйзам болсо вето саларын эскертти.

Орусиянын агрессиясына каршы туруу, Украинанын демократиясын колдоо менен Вашингтон чоң өлкөлөр кичинелерин кодулай албайт деген принципти карманып жатканын, изоляцияга кабылган Орусиянын экономикасы “дал-далынан ыдырай” баштаганын белгиледи.

Бул аралыкта орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Обаманын айткандарына жооп кайтарып, Батыш Орусияны изоляциялоого аракеттенип жатканын, бирок мындан майнап чыкпасын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG