Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Давосто дүйнөлүк экономикалык форум ачылууда


Швейцариянын бул курорттук шаарында бүгүн ачылып жаткан дүйнөлүк форумга адаттагыдай эле дүйнөнүн бизнес жана саясий лидерлери чогулат. Форумду утурлай Эл аралык валюта кору алдыдагы эки жылга глобалдык экономиканын өсүү көрсөткүчтөрү төмөндөтүлгөн божомолун жарыялады. Эл аралык валюта корунун эсебинде, дүйнөлүк экономика келерки жылы 3,5% , 2016-жылы 3,7% өсөт. Бул мурда болжолдонгондон 0,3% төмөн.

Валюта корунун башкы экономисти Оливье Бланшардын айтымында, экономикалык өсүштү колдоочу жаңы факторлор бардыгына, анын ичинде мунай арзандаганына карабай дүйнөдө “кризистин мурасы” сакталып жатат.

Ал эми Эл аралык эмгек уюму глобалдык экономиканын өсүү ыргагынын солгундугу жумушсуздардын санын азыркы 201 миллиондон 2019-жылы 212 миллионго чыгаруусу мүмкүн деп болжолдойт. (UE)

XS
SM
MD
LG