Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Берлинде Украина боюнча кризистик сүйлөшүү өтөт


Украинанын чыгышында уруш күчөгөн кездеги жыйынга немец, француз, орус жана украин тышкы иштер министрлери чогулууда. Мунун алдында кечээ украин армиясы жоокерлери Луганск шаарынын түндүк-батышындагы эки көзөмөл бекетте орус аскерлеринин аткылоосуна кабылганын айтып чыкты. Бул билдирүүнү Москва комментарийлей элек.

Украин армиясынын басма сөз өкүлү ошондой эле ар бири 400 аскерден турган эки батальон Орусияга Украинадан киргенин маалымдады. Орус коргоо министрлиги бул айыптоону толугу менен “нонсенс” деп атады.

Бүгүнкү кризистик жыйындын конок ээси – Германиянын тышкы иштер министри Франк Вальтер Штайнмайердин айтымында, уруштун күчөшү “коркунучтуу кырдаалга” алып келди. (UE)

XS
SM
MD
LG