Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Франция антитеррордук чыгымдарын көбөйтөт


Париждин көчөлөрүн куралчан аскерлер кайтарууда. 20-январь, 2015-жыл.
Париждин көчөлөрүн куралчан аскерлер кайтарууда. 20-январь, 2015-жыл.

Француз өкмөтү билдиргендей, бул максатта алдыдагы үч жылда жаңы 2680 иш орду ачылып, терроризмге каршы күрөшкө сарпталуучу каражат 425 миллион еврого көбөйөт.

Экстремизм коркунучу өсүп жатканын эскерткен премьер-министр Мануэль Вальс бүгүн Париждеги басма сөз жыйында белгилегендей, азыр бүткүл Франция боюнча байкоо салууну талап кылган “террордук түйүндөргө” 3000дей киши тартылган.

Президент Франсуа Олланд болсо бүгүн армиядан кыскартылуучу иш орундары мурда мерчемделгенден 7500гө аз болорун билдирди.

Француз өкмөтү башында коргонуу чыгымдарын азайтуу үчүн бул чөйрөдөгү 278 миң аскерий жана жарандык кызматтын 26 миңи 2015-2019-жылдардын аралыгында кыскартыларын жарыялаган.

Ай башында Парижде исламчыл согушкерлердин кол салуусунан 17 кишинин өмүрү кыйылган эле. Француз прокурорлору маалымдагандай, бүгүн ошол кол салууларга катышы бар деп шектелген төрт кишиге айып тагылды.

Шектүүлөрдүн үчөөсү 8-январда бир полициячы аялды өлтүрүп, эртеси жөөттөрдүн кошер дүкөнүндө төрт кишини барымтага алган Ахмед Кулибалиге курал сатып берген.

Үч күнгө созулган кыянатчылыктар Парижде 7- январда башталып, адегенде эки куралчан “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын кеңсесинде 12 адамды атып салган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG