Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Германияда антиисламчыл кыймылдын лидери отставкага кетти


Германияда Батыштын исламдашуусуна каршы түзүлгөн Пегида кыймылынын башчысы Луц Бахман 21-январь күнү отставкага кетти. Бул тууралуу уюмдун уюштуруучуларынын бири, Кэтрин Эртель кыймылдын өлкө түштүгүндөгү Лейпциг аймагында өткөн акциясында билдирди.

Апта башында Луц Бехмандын дарегине белгисиз топтор тарабынан коркутуулар болуп жатканы кабарланган.

Пегида кыймылы өткөн жылдын октябрынан бери Батыштын исламдашуусуна каршы түрдүү акцияларды уюштуруп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG