Бүгүн өкмөт үйүндө Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын быйылкы жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин төрагасы Акылбек Абдыкалыков билдирди.
Бул жолу сыйлыкка Анатай Өмүрканов “Жалгыздык” ырлар жыйнагы үчүн, Акбар Рыскулов “Атакенин ак болот” тарыхый үчилтиги үчүн жана Турдубек Чокиев менен Гүлмира Эсенгулова “Алтын уя” балдар опереттасы үчүн татыктуу болушкан.
Кыргызстандагы эң даражалуу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык үч жылда бир жолу адабият, көркөм өнөр жана архитектура жаатындагы мыкты эмгектердин ээлерине тапшырылат. Жеңүүчүлөргө диплом, төш белги жана 100 миң сом акчалай сыйлык берилет. (ZA)