Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева билдирди. Анын айтымында, учурда Нурлан Төрөбековдун ишин иликтеген депутаттык комиссия жетекчиси Курманбек Дыйканбаев чет өлкөдө иш сапарда. Маселе ал келгенден кийин каралат.
“Эгер жаңы жагдайлар чыгып калбаса эле, Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратуу маселеси добушка коюлат”, - деди Сасыкбаева.
Өткөн жылы сентябрда Башкы прокуратура депутат Төрөбековго кылмыш ишин козгогон. Ал 2013-жылы “III класстагы мамлекеттик кеңешчи” чинин алуу үчүн Кыргыз улуттук университетин бүтүргөнү тууралуу дипломун тапшырган. Анын негизинде депутатка аталган чин берилген.
Башкы прокуратура дипломду жасалма деп таап, парламентке Төрөбековдун кол тийбестигин алып салууну өтүнүп кайрылган. Бул боюнча депутаттык комиссия иликтөө жүргүзүп, Төрөбековдун КУУну бүтпөгөнүн тастыктаган. (МТо)