Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

10 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам камакка алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматкери Нурбек Токтосунов билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары кыздын 44 жаштагы өгөй атасы кармалган.

“Ал киши күнөөсүн мойнуна алган жок. Учурда биологиялык экспертиза жүргүзүп жатабыз. Кармалган адам эки айга убактылуу камакка алынды”, деди Токтосунов.

Окуя 11-январда Токмок шаарында болгон. (МТо)

XS
SM
MD
LG