Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Донецкте украин туткундары көрсөтүлдү


Донецкте жикчилдер жардыруудан кеминде жети тургун набыт кеткен жерде украиналык аскер туткундарын эл алдына чыгарышты.

Кабарларга караганда, троллейбус жарылган аялдамада тизелеп турган туткундарга тургундар шише ыргытып, сөгүп жатышты. Жардыруу жайында болгон Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү жети кишинин өлүгүн көргөндүгүн айтышты. Жикчилдер жана медиктер 13 киши өлгөнүн айтышууда. Москва менен Киев бул кыргын үчүн бири-бирин күнөөлөп жатышат.

XS
SM
MD
LG