Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:37

Лондондо ИМ тобуна каршы коалициянын өкүлдөрү масилеттешет


АКШ баштаган "Ислам мамлекети" уюшмасына каршы коалициянын 20дан ашык мүчө-өлкөсүнөн мартабалуу өкүлдөр бул экстремисттик топ менен күрөштүн чараларын талкуулашат.

АКШ жана Британиянын тышкы иштер министрлери төрагалык кыла турган бир күндүк талкууга Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абадинин келиши пландалган. Жыйында "Ислам мамлекетинин" каржыланышына бөгөт коюп, чет элдик согушкерлердин бул уюмга агып келишин чектөөнүн чаралары каралат. Мындан тышкары уюшмага каршы согушуп жаткандарга жана карапайым калкка көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сөз болот.

Учурда Сирия менен Иракта согушуп жаткан "Ислам мамлекети" уюшмасынын согушкерлери арасында беш миңдей европалык жаран бар экени айтылууда. Адистердин божомолунда бул аймакта Борбор Азиядан да жүздөгөн киши согушууда.

XS
SM
MD
LG