Ирактын түндүгүндө күрт күчтөрү өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы ири соккуларды баштады. Пешмерга аскерлери беш тараптан чабуул коюп, Мосул шаарынан 40 километр алыста жайгашкан Киске шаарында негизги жол кесилишин көзөмөлгө алышты.
Күрт күчтөрүнүн бул аракети Мосул жана Тал Афар шаарларынан “Ислам мамлекетинин” согушкерлеринин бири-бирине байланышына тоскоолдук кылат.(SE)