Сауд Арабиянын королу Абдулла бен Абдил Азиз ал Сауд узакка созулган оорудан улам 22-январь күнү кечинде каза тапты. Бул тууралуу мамлекеттик телеканал кабарлады. Бир канча жумадан бери ооруканада жаткан король Абдулла 90 жашта болчу. Ал өпкөнүн сезгенүү оорусу менен жабыркап жүргөнү айтылган. Соңку 4 жыл ичинде бир канча операцияны башынан өткөргөн.
Анын ордуна иниси, 79 жаштагы шаазада Салман ибн Абдул-Азиз ал Сауд тактыга отурат. (SE)