Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Автоунаа ташуучулар митингге чыгышты


Ушу тапта Бишкектеги Горький сейилбагында авто унаа ташуучу ишкерлер митинг өткөрүүдө. Анда ишкерлер өкмөттүн 2014-жылдын 22-сентябрында чыккан токтомун ушул жылдын 20-февралына чейин узартуу талабын коюп жатышат.

Алардын айтымында, өкмөттүн токтомунан кийин автоунааларга болгон бажы төлөмү беш-алты эсе көбөйгөн.

“Мурда кыймылдаткычынын өлчөмү 2 кубдук, чыгарылганына 10 жыл болгон автоунаага 800 доллар бажы төлөмүн төлөчүбүз. Январдан кийин 5200 долларга чыгып кетти. Биз тапшырыкты жаңы жылга чейин эски баа менен алып, жыл жаңырарга чейин унааларды алып кирүүгө үлгүрбөй калдык”, - деди ишкер Альберт Көбөнов.

Ишкерлердин айтымында, бажы төлөмү өсүп кеткенине байланыштуу учурда чек арада 500 чамалуу унаа кармалып турат. (UEz/MTo)

XS
SM
MD
LG