Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

Сариев: автоунаа ташуучулардын өтүнүчү боюнча жумушчу топ иштөөдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” экономика министри Темир Сариев билдирди.

Ишкерлер жаңы жылдан кийин автоунааларга болгон бажы алымы кескин кымбаттап кеткенине нааразы болушкан.

- Азыр алардын өтүнүчү боюнча Экономика министрлиги, Бажы кызматы жана ошол ишкерлерден турган жумушчу топ иштеп, бул боюнча мыйзамдуу жолдорду издеп жатат. Токтом тээ сентябрда кабыл алынган, аны баары билишкен. Биз ал токтомду өзгөртүп, же мөөнөтүн узартып койсок тартип бузулат, - деди Сариев.

Бүгүн Бишкекте авто унаа ташуучу ишкерлер митинг өткөрүп, өкмөттүн 2014-жылдын 22-сентябрында чыккан токтомун ушул жылдын 20-февралына чейин узартуу талабын коюшту. Алар учурда чек арада 500 чамалуу автоунаа өлкөгө кире албай турганын айтышууда.

Өкмөт токтому менен 22-сентябрда бажы алымы автоунаа кыймылдаткычынын бир кубуна 10 цент, январдан тарта 50 центке көтөрүлгөн. (МТо)

XS
SM
MD
LG