Бул тууралуу “Азаттыкка” Туризм департаментинин башкы адиси Чубак Оморов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн өткөн жылы тармакта өзгөчөлөнгөн конок үйү, туроператор, интернет портал, дипломатиялык өкүлчүлүк, маалымат каражаттары ж.б. тараптарга 17 номинация боюнча сыйлык тапшырылат.
“Өткөн жыл туризм үчүн жемиштүү болду. Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 2 млн. 163 миң турист келген. Азыр жыл ичинде канча турист келгенин жана андан канча каражат чогулганын эсептеп жатабыз”, деди Оморов. (МТо)