Бул тууралуу Мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Даниэль Розенблюм “Америка добушу” радиосуна билдирди.
Анын айтымында, АКШ тарап Өзбекстандын Коргоо министрлигине минага туруштук берүүчү брондуу аскерий унааларды декабрдан тарта өткөрө баштады жана бул иш алдыдагы бир нече айдын ичинде аяктайт.
Жалпысынаен Өзбекстанга MRAP (Mine-Resistant Ambush Protected) үлгүсүндөгү, АКШ армиясында мурда колдонулган аскерий унаалардан 328 даана берилмекчи.
Мамлекеттик департаментинин өкүлү белгилегендей, Өзбекстандын АКШдан андай унааларды сураганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени, берилип жаткан техника коргонууга гана багытталган жана терроризмге, маңзаттарга каршы күрөшүү ишинде идеалдуу кызмат кыла алат.
Даниэль Розенблюмдун айтымында, АКШ армиясынан ашыкча жабдууларын берүүнү Тажикстан менен Казакстан да сураган. Учурда алардын өтүнүчү иликтенүүдө. (UE)