Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Караколдо мектептер арасында олимпиада өттү

Бул тууралуу “Азаттыкка” Каракол шаар мэринин орун басары Гульназ Орозова билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиадага шаардагы 11 мектептен 9-11-класстын 800 окуучусу катышты.

Жергиликтүү бюджеттен олимпиаданы өткөрүүгө 80 миң сом бөлүнгөн.

Орозованын айтымында, жыл сайын олимпиадага катышкандардын саны өсүүдө.

1-3-орундарга ээ болгондор грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Биринчи орундун ээлери облустук жана республикалык олимпиадаларга катышууга жолдомо алышты. (МК)

XS
SM
MD
LG