Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Евронун долларга карата катышы эң төмөнкү чекке түштү


Европа Борбордук банкынын Франкфурттагы баш кеңсеси. 22-январь, 2015-жыл.
Европа Борбордук банкынын Франкфурттагы баш кеңсеси. 22-январь, 2015-жыл.

Евронун долларга карата катнашы акыркы 11 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү.

22 -январдагы соодада бир евро 1,13 долларга сатылды. Бул - 2003-жылдан берки эң төмөнкү көрсөткүч.

Валюта базарындагы мындай өзгөрүү Европанын Борбордук банкы бонддорду массалык түрдө сатып алуу программасын жарыялагандан кийин келди.

Европа банкынын 1 триллион евро коротулуучу программасы инфляцияны жандандырып, экономиканын реалдуу сектору кредиттелишине стимул берүүгө багытталган.

Мындай план Европада баалуу кагаздар базарынын көрсөткүчтөрүн көтөрдү. Германияда, Францияда акциялар 1,3% кымбаттады. Баалуу кагаздардын наркы АКШ менен Азияда да өстү. (UE)

XS
SM
MD
LG