Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

БШК Аманбаеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту


Урмат Аманбаева.
Урмат Аманбаева.

Депутаттык менен кошо ишкердик жүргүзгөндүгү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы Урмат Аманбаеваны мандатынан ажыратты. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров билдирди.

Мурдараак Башкы прокуратура парламенттеги “Республика” фракциясынын мүчөсү Урмат Аманбаеванын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп берүүнү өтүнүп, БШКга кайрылган.

Аманбаеванын адвокаты Нургазы Сыдыков бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, жакында сотко беришерин “Азаттыкка” билдирди.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Урмат Аманбаевага Оштогу кургак учукка каршы күрөшүү борборунда бухгалтер болуп турганда оорукана жетекчилиги менен коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. (МТо)

XS
SM
MD
LG