Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Сауд Аравия негиздөөчүсүнүн эң кичүү уулу тактынын мураскери деп жарыяланды


Солдон оңго: дүйнөдөн өткөн падыша Абдалла, жаңы падыша Салман, тактынын мураскери Мукрин.
Солдон оңго: дүйнөдөн өткөн падыша Абдалла, жаңы падыша Салман, тактынын мураскери Мукрин.

Сауд Аравиянын эң жогорку бийлигиндеги айрым орун которуштуруулар падыша Абдалла дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу жүргүзүлдү.

Кечээ түнү 91 жаш курагында дүйнөдөн өткөн падыша Абдалланы бүгүн акыркы сапарга узатышууда.

Анын ордуна падышалык тактыны 79 жаштагы иниси Салман ибн Абдель Азиз Аль Сауд ээледи.

Ал эми тактынын мураскери деп Мукрин ибн Абдель Азиз Аль Сауд жарыяланды.

69 жаштагы Мукрин ибн Абдель Азиз Аль Сауд, маалыматтарга караганда, Сауд Аравиянын негиздөөчүсү жана биринчи падышасы Абдель Азиз аль Сауддун 45 баласынын эң кичүүсү.

Мукрин 2012-жылы падыша Абдалланын кеңешчси жана атайын чабарманы, 2013-жылы премьер-министрдин орун басары болгон.

АКШ менен алака-катышы тыгыз, Саудиянын аймактагы башкы атаандашы – Иранга карата катаал жана кас мамилеси менен белгилүү. (UE)

XS
SM
MD
LG