Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

КТРК спорттук канал боюнча маалымат берди


Бүгүн Кыргызстанда ачыла турган алгачкы спорттук телеканалдын эфирдик торчосу тааныштырылды. Улуттук Олимпиада комитетинде өткөн иш-чарада Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты жаңы ачылып жаткан спорт каналы тууралуу коомчулукка маалымат берип, анда кандай программалар көрсөтүлөрү тууралуу айтылды.

Телеканалдын берүүлөр торчосун дүйнөлүк жана ошондой эле өлкөдө болуп жаткан чемпионаттар, олимпиадалар, спорт таймаштары, продакшн-студиялардын атайын берүүлөрү жана КТРК тарабынан дайындалган спорт программалары түзөт.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан башкы директору Султан Жумагуловдун айтымында, аталган канал санариптик форматтагы социалдык пакетке кирсе, жарым жыл ичинде иштеп башташы мүмкүн. Өкмөт тарабынан каналды ачууга каражат бөлүүгө убада берилген.

Бул каналдын негизги максаты - спорт дүйнөсүндө болуп жаткан жаңылыктарды чагылдыруу, спорт тармагында иш алып барган уюмдар менен биргеликте иштешүү жана улуттук спорт оюндарын, дегеле Кыргызстанда спорттун өнүгүүсүнө зор салым кошуу болуп саналат.

Кыргызстан 2015-жылдын июнь айында санариптик берүү форматына толук өтүү боюнча 2006-жылы Женевада эл аралык электр байланышы боюнча союздун келишимине кол койгон. Коңшу өлкөлөр менен чектешкен аймактар санарип телеберүүгө 2015-жылдын 17-июнуна чейин өтүшү керек. Калган аймактар баскыч-баскыч боюнча жыл соңуна чейин санарипке өткөрүлөт. (ECh/TSh)

XS
SM
MD
LG