Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Мушкер Азат Усеналиев дүйнө чемпиону Эндрю Селбини утту


Бокс боюнча Азия чемпиону Азат Усеналиев, бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) жаңы сезонунда алгачкы беттеште техникалык нокаут менен жеңишке жетишти. Кыргызстандын бокс боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Азат Усеналиев “Украина атамандары” командасынын курамында “Британиянын арстан жүрөктөрү” командасынын өкүлү Эндрю Селби менен беттешкен. 52 килограмм салмак ченинде болгон күч сынашуу 5-раундга жеткенде токтотулуп, мелдеш калыстары жеңишти Азатка ыйгарышкан.

23-январда Киев шаарында “Украина атамандары” жана “Британиянын арстан жүрөктөрү” командалары беш беттеш өткөрүп, 3:2 эсебинде “Украина атамандары” жеңишке жеткен.

Өткөн жылы Азат Усеналиев жарым профессионалдык “Украина атамандары” командасынын курамында бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында төрт беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңишке жетип, бир жолу дүйнө чемпиону Эндрю Селбиге утулуп калган эле. Эндрю Селби ал кезде “Италиянын чагылгандарынын” курамынын намысын коргоп жүргөн.

"Украина атамандары" командасынын курамында дагы бир кыргыз мушкери Өмүрбек Малабеков мелдештерге чыгууга даярданып жүрөт. Ал 56 килограмм салмакта февраль айынан тарта күч сынашууга чыгаары болжолдонууда.

Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонундагы таймаштарга 16 команда катышууда. Алар эки тайпага бөлүнүп, алты ай чемпиондук наамга ээ болуу үчүн беттештерди өткөрүшөт. “Атамандар” А тайпасында таймаштарга чыгууда. Тайпалык мелдеште “Британиянын арстан жүрөктөрү” мушкерлеринен сырткары аларга Орусия, Германия, Алжир, Мексика, Кытай, Марокко жана Кубанын командаларынын мушкерлери атаандаш болушат. (ECh/TSh)

XS
SM
MD
LG