Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Турдукулов карызын төлөбөгөнү үчүн чек арадан өткөн эмес


Бул тууралуу Ленин райондук сотунан “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Адил Турдукулов жеке компаниялардан ири өлчөмдө насыя алган. Ал насыяны төлөөдө 600 доллар карыз болуп калган. Насыя берген тарап Турдукуловдон карызды өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылган.

Оппозициячыл активист Адил Турдукулов ири өлчөмдө насыя алганын тастыктаганы менен канча карыз болгонун ачык айткан жок. Ал учурда чек арадан өтпөй калганын териштирип жатканын билдирди:

- Насыя алганым чын, аны төлөп эле жаткам. Бирок чек арадан мага бул жөнүндө айтышкан эмес, – деди активист.

23-январда кыргыз оппозициясынын ондон ашуун өкүлү АКШга аттанган. Алардын катарында бараткан оппозициячыл активист Адил Турдукуловду чек арачылар өлкөдөн чыгарбоо боюнча соттун чечими бар экенин айтып, өткөрбөй коюшкан. Активист муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

Кыргыз оппозициясы АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Конгресстин өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандагы саясий маселелерди талкуулайбыз деп ачык билдиришүүдө. АКШга болгон сапар парламенттеги оппозициячыл депутат Равшан Жээнбековдун жеке демилгеси болуп, жол чыгымдарын ар ким өз капчыгынан төлөмөй болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG