Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:24

Ош: "Шарли Эбдону" айыптагандар француз товарларын албоого чакырышты


24-январда Ош шаарында «Мен пайгамбарымды сүйөмүн» аттуу тынчтык акциясы өттү. Эки миңдей адам француз журналы «Шарли Эбдонун» (Charlie Hebdo) 16-январдагы санына Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарганын сынга алып, нааразылык билдиришти. Алар француз өкмөтүн да бул инцидентке кайдыгер карап жатат деп айыптап, бул өлкөнүн бардык товарларына бойкот жарыялоо демилгесин көтөрүштү. Акция жүрүшүндө чогулгандар “Аллаху Акбар” деп тынымсыз кыйкырып турушту.

Ушул жылдын 7-январында Париждеги белгилүү «Шарли Эбдо» журналынын кеңсесине куралчан кишилер кирип, 12 адамды атып кеткен. Бул кандуу чабуулду эл аралык коомчулук айыптаган болчу. Кыргыз өкмөтү да журналга кол салгандарга карата терс пикирин билдирген.(ErN)

XS
SM
MD
LG