Бишкекте бүгүн белгисиз адамдар журналист Булат Сатаркуловго кол салып, тоноп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жаңы муун коалициясы” коомдук бирикмесинин мүчөсү, сабалган журналисттин таанышы Тимур Саралаев билдирди.
Кол салуу Булат Сатаркуловдун Бишкектеги үйүнүн жанында, таңкы саат төрттө болгон. Белгисиз адамдар журналисттин кымбат видеокамерасын алып кетишкен.
Саралаевдин билдиришинче, журналист токмоктолгонго чейин кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетине барган. Ал ошол жерден оппозицияда жүргөн активист Адил Турдукуловду чек арачылар өткөрбөй койгонун видеого тартууга аракет кылган.
Булат Сатаркулов өзү эч кандай комментарий берген жок. Бирок анын милицияга арыз менен кайрылганы маалым болду. Муну “Азаттыкка” Бишкек шаардык ишки иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Олжобай Казабаев тастыктады.
- Жабырлануучу азыр милицияга көрсөтмө берүүдө. Журналист өзүн урган адамдарды тааныбасын айтты. Кандай буюмдары тонолгону учурда такталууда. Азыр бир нерсе деп айтууга эрте. Териштирүү иштери жүрүп жатат, - деди Казабаев.
Булат Сатаркулов бир нече басылмада фрилансер болуп иштегени маалым болду. Ал негизинен журналисттик иликтөө жүргүзүп келген.
Журналисттерге кол салуу фактылары 2010-жылга чейин, экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда көп катталган. Мунун айынан бир нече журналист чет өлкөгө чыгып кеткен. (TSh)