Милициянын маалыматында, 14 жаштагы кыз сегизинчи кабаттан секирип кеткен. Окуя жетинчи кичи районунда бүгүн 24-январда саат он экилер чамасында болгон.
Маалыматка ылайык, кечээ энеси менен урушуп кеткен кыз үйдөн качып чыккан. Ошол эле күнү кечинде милиция кызматкерлери кызды үйүнө жеткирип берген. Бүгүн эртең менен кыз өз жанын кыйып алганы белгилүү болду.
Бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (TSh)