Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Турчинов: Путин набыт болгондор үчүн жооптуу


Мариупол. 24-январь, 2015-жыл.
Мариупол. 24-январь, 2015-жыл.

“Бүгүнкү кандуу салгылашууга, адамдардын өмүрүнүн кыйылып жатышына Путин жооптуу. Анткени орусиялык аскерлердин карамагындагы “орус террорчул топтордун” бүгүнкү аракети Путиндин тапшырмасындай болуп калды. Бирок биз муну жоопсуз калтырбайбыз”, – деди Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Александр Турчинов.

Учурда Украина чыгышында украин аскерлери менен жикчилдердин кармашы уланып жатат. Акыркы маалыматтар боюнча шаарды көздөй тынымсыз жааган октон 27 киши набыт болуп, 90у жаракат алганы белгилүү болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG