Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Порошенко: Биз душмандын чакырыгын кабыл алдык


Мариуполдогу кандуу окуяга байланыштуу украин президенти Петро Порошенко “бул адамзатка каршы кылмышты жасагандар Гаага трибуналында жооп бериши керек” деп билдирди.

Порошенконун окуя боюнча кайрылуусунда: "Биз тынчтыкты жактайбыз, бирок биз душмандын чыкырыгын кабыл алдык. Мекенибизди чыныгы патриоттордой сактап калабыз. Толук жеңишке чейин”, - деп жазылган.

Украин президенти Петро Порошенко Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешинин чукул отурумун өткөрүү үчүн 24-январда Сауд Арабиядагы иш сапарын токтотуп, Киевге кайткан.

Акыркы маалыматтарга караганда Украинанын көзөмөлүндөгү Мариуполдун чыгыш районунда жикчилдердин аткылоосунан каза болгондордун саны 30 адамга жетти. 93 адамдын жараат алганы кабарланууда.

Орусиячыл жикчилдер өз кезегинде окуяны Киевдин чагымы деп жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG