Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Кыргызстанда биометрикалык каттоо уланууда

25-январга чейин 2 миллион 200 миң киши биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

Жалпы Кыргызстан боюнча жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуучу 830 түйүн иштөөдө. Биометрикалык маалымат чогултуу өнөктүгү Бишкекте өткөн жылдын 20-октябрында, аймактарда 10-октябрда башталган.

Биометрикалык маалымат топтоо ушул жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 462 адамдан өздүк маалыматтар алынат. Улуттук өнөктүктү миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG