Благовещенск жана Хабаровск аймагындагы жергиликтүү уюмдар Украинанын Kazaky тобунун концертине тыюу салууну суранып, бийликке кайрылды. Нааразы болгон уюмдардын өкүлдөрү топтун жигиттеринин адаттан тыш кыймыл-аракетин - “казактардын маданиятын маскаралоо” деп сыпатташты.
Kazaky тобунун бий кечеси 5-7-февралга белгиленген болчу. Бир апта мурун Самара шаарында да алардын концерти токтотулган. Амур аймагындагылар топко каршы пикетке чыгышарын да жарыялашкан. Мындан улам Kazaky тобунун жигиттери маданий иш-чара болбой турганын билдиришкен.
2014-жылдын 17-октябрында Бишкекте да Kazaky тобунун концерти жарандык активисттердин нааразылыгынан улам үзгүлтүккө учураган.
Аталган топто жигиттер кыздардын шиш такаларын кийип, аялдарды туурап, адаттан тыш бийлерди аткарышат. (SE)