Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Шериктештик кубогунда Кыргызстан 6-орунду ээледи


Санкт-Петербургда 21 жашка чейинки футболчулардын катышуусунда өткөн эл аралык Шериктештик кубогунда Кыргызстандын курамасы 6-орунга ээ болду. Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, 25-январда Шериктештик кубогунун 5-оруну үчүн Кыргызстан менен Орусия беттешип 3:1 эсебинде орус футболчулары жеңишке жетти.

Буга чейин тайпалык тандоо оюндарында аталган эки курама майданга түшүп, 2:1 эсебинде орус футболчулары кыргызстандыктарга утулган эле. Ал беттештен кийин Кыргызстан беш упай топтоп, В тайпасында биринчи орун менен Шериктештик кубогунун тарыхында алгачкы жолу плей-оффко чыккан.

Кыргыз футболчулары чейрек финалдык беттеште Финляндия оюнчуларына 1:0 эсебинде утулуп, баш байге үчүн таймашууларын токтоткон. Андан кийин 5-8-орун үчүн беттеште тажикстандык футболчуларды 3:1 эсебинде утуп алган.

Шериктештик кубогунун оюндарында буга чейин кыргыз футболчулары эки жолу тогузунчу, бир жолу он экинчи орунду алган.

16-январда башталган Шериктештик кубогуна 12 мамлекет катышты. (ECh)

XS
SM
MD
LG