Лейлек районунун “Айкөл” чек ара тозотундагы окуяга байланыштуу райондук чек ара отрядынын начальниги жана анын орун басары кызматтан алынды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
16-январда түнкү саат 11лер чамасында аталган чек ара тозотунда болгон ок атуудан бир чек арачы өлүп, экөө жарадар болгон. Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жеке түзүмдөгү көзөмөл жана кызматтык-аскерий иштерде практикалык көмөк көрсөтүү начар болгону, окуяны болтурбоо үчүн аракет көрүлбөгөнү, тарбия иштери жүргүзүлбөгөнү аныкталды.
Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиев 25-январда Лейлек районуна жасаган иш сапарынын алкагында «Айкөл» чек ара тозотундагы абал менен да таанышкан. (КЕ)