Бүгүн Жалал-Абад шаарында «Мен пайгамбарымды жакшы көрөм» аттуу тынчтык акциясы өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири, “Ислам таалими” коомдук фондунун жетекчиси Дилмурат Орозов билдирди. Алар Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартып чыгарган Франциядагы “Шарли Эбдо” журналына нааразылыгын билдиришти. Уюштуруучулар акцияга 2,5 миңден ашуун киши катышканын белгилешүүдө. Буга чейин ушундай эле акция Бишкек жана Ош шаарларында өткөн болчу.
Ушул жылдын 7-январында Париждеги белгилүү «Шарли Эбдо» журналынын кеңсесине куралчан кишилер кирип, 12 адамды атып кеткен. Бул куралдуу чабуулду эл аралык коомчулук айыптаган. Кыргыз өкмөтү да бул кандуу окуяны сындаган болчу. (КЕ/RsK)