Шаардагы “Шабдалызар” муниципалдык базарынын 30дан ашык сатуучулары бүгүн шаар борборуна чогулушуп, мэрия тарабынан базардагы муниципалдык жерлердин ижара акысынын жана кызмат көрсөтүүнүн кымбаттоосуна каршылыгын билдиришти.
- Былтыркы жылы соода аянтындагы 1 чарчы метр үчүн күнүнө 12,50 тыйындан төлөп келгенбиз. Январь айынан тарта ал нарк 21 сомго чейин көтөрүлгөнү соодагерлерде нааразычылыктарды жаратып жатат, - дейт акциянын катышуучусу Мавлюда Насырова. Нааразылыкка чыккандар буга чейин шаар бийлигине кайрылышып, бирок жооп болбогонун билдиришүүдө.
Шаардын вице-мэри Таирбек Чойбеков тарифтер шаардык кеңештин токтомунун негизинде кабыл алынып бекитилгенин билдирди. Ал бул маселе кийинки айда сессияда кайрадан карап чыгууга сунушталарын айтты. (RsK)